Меню
Эл-Сөздүк

Дыйкан (фермер) чарбасы

ДЫЙКАН (ФЕРМЕР) ЧАРБАСЫ – юридикалык жактын укугу бар же өз ишмердүүлүгүн юридикалык жак катары түзбөй туруп эле жүргүзө берүүчү өзалдынча чарбакер субъект. Анын ишмердүүлүгү биргелешип айыл чарба продукциясын өндүрүүчү үйбүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын жана башка адамдардын жеке эмгегине таянат. Өндүрүш Д. (ф.) ч-нын мүчөлөрүнүн менчиги болуп саналган же пайдаланууга (ижарага) алган жерге жана башка мүлккө негизделет. Чарба ишин бирдикте жүргүзгөн жубайлар, балдары, ата-энеси, туугандары ж. б. адамдар Д. (ф.) ч-нын мүчөсү катары эсептелет. Эмгек мамилелери КР эмгек мыйзамдары аркылуу жөнгө салынып, Д. (ф.) ч-нда жалданып иштеген жарандар дыйкан чарбасынын курамына кирбейт. Д. (ф.) ч. бир адамдан турушу да мүмкүн.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: